Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Курандын уйгурча котормосунун бет ачары өттү


8-февралда Бишкекте Курандын Шейх Алауди Мансурдун котормосунда чыккан уйгур тилиндеги китептин бет ачары өттү. Ага Кыргызстандын дин башкармалыгынын, өкмөттүн дин комиссиясынын, ислам динин туткан мамлекеттердин, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Буга чейин ыйык Куранды иликтөө борбору тарабынан курандын кыргыз, өзбек, казак, дунган, орус жана түркмөн тилдериндеги котормолору чыккан. Китептин бет ачарын Жогорку Кенештин мыйзам чыгаруучу жыйынын дин иштери боюнча кичи комитети, дин эркиндигин коргоо боюнча коомдук бирикме жана уйгурлардын «Иттипак» уюму уюштурду.

XS
SM
MD
LG