14-февралда Ооганстандагы согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер советтик аскерлердин урушту токтотуп Мекенине кайткандыгынын 14 жылдыгын белгилешет. Буга байланыштуу Ооганстан жана майда уруштардын катышуучуларынын партиясы эскерүү китепчесин чыгарышты. Бишкек шаардык мэриясы эскерүү күнүн уюштурууга 78 миң сом бөлдү. Бул тууралуу 8-февралда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Ал эми ооганчылар партиясынан алынган ушул эле күнкү кабарга караганда, Кыргызстандан советтик армиянын курамында Ооган согушуна 7150 жоокер катышкан. Алардын 259у уруш майданында набыт болушкан, төртөө дайынсыз жоголгон. Жоокерлердин 504 мекение жарадар болуп кайтышкан.