Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Ошто баңгилик жана СПИД илдетине каршы күрөш штабынын жыйыны өттү


Жыйында баңгилик жана СПИД илдетин пайда кылуучу вич-инфекциясы боюнча кырдаал Ош облусунда курч бойдон калып жаткандыгы белгиленди. Республика боюнча вич-инфекциясын жуктургандар 362 адам болсо, алардын тең жарымы, 181 адам Ош облусунан катталган. Жаңы жылдын январь айында эле СПИД оорусун козгоочу вирусту 3 адам жуктурган. Оор абал Ош шаары менен Карасуу районунда экендиги айтылды. Ошто 798 адам каттоого алынган баңгичилер, алардын 18 вич-инфекциясын жуктургандар. Карасуу районунда вич-инфекциясын жуктурган баңгичилер 54 адам. Коркунучтуу илдет айыл аралап бараткандыгы да жыйында айтылды.

XS
SM
MD
LG