Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кыргыз окумуштуулары геофизикалык дүйнөлүк маалымат алышат


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тажрыйба-методикалык экспедициясынын Бишкектеги маалымат эсептөө борборуна жана шаардын четиндеги «Аларча» геофизикалык обсерваториясына жалпы баасы 38 миң доллардык эки спутник антенна орнотулду. Мындай иш чара Бириккен Улуттар уюмунун алдындагы «Ядролук куралдарды сыноого тыюу салуу программасынын» көмөгү менен ишке ашырылды. Тажрыйба-методикалык экспедициясынын башчысы Бекташ Илиясовдун айтымында, Вена шаарындагы Эсептөө маалымат борбору менен Бишкектеги борбордун ортосундагы байланышты жолго коюу аракети жасалууда. Сыноо бүткөн соң атайын код жардамы менен кыргыз окмуштуулары дүйнөдөгү жер титирөө, атомдук жардыруу тууралуу өз убагында маалымат алуу жана дүйнө коомчулугуна маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

XS
SM
MD
LG