Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Жалалабад облусундагы бейөкмөт уюмдар Ирактагы жагдайга байланыштуу АКШ Конгрессине, президент Жорж Бушка ачык кат жөнөтүштү


8-февралда областтагы бейөкмөт уюмдар АКШ Конгресси, президент Жорж Бушка ачык кат кабыл алышты. Анда АКШнын Иракка каршы саясатына тынчсыздануу билдирилген. Эки мамлекет мамилесинин курчушу мунай баасы боюнча пикир келишпөөчүлүктөн жана «согуш ачуу менен АКШнын экономикасын көтөрүү аракетинен» болуп жаткандыгын белгилеп, аны «адамзатка каршы саясат» катары баалашты. Президент Жорж Бушту өз элинин өнүгүүсүнө кам көрүү менен маселени тынчтык жолу аркылуу чечүүгө, бейкүнөө адамдардын канын төкпөөгө чакырышты. БУУнун комиссиясы Ирактын кампаларынан бактериологиялык курал тапса да, «аны кол салуусуз жок кылса болорун» айтышты. Областтагы ондон ашык бейөкмөт уюм лидерлери кол койгон ачык кат электрондук почта менен АКШга жөнөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG