Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Хельсинки Эл аралык адам укуктары боюнча федерациясы президент Акаевге кайрылышты


Хельсинки Эл аралык адам укуктары федерациясы референдумга байланыштуу ишемби күнү президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдоду. Анда 2-февралдагы референдумда кайталап , добуш берүү, тутамдап бүлетен таштоо, көз карандысыз байкоочуларды шайлоо участокторуна киргизбей коюу сыяктуу фактылар катталгандыгы айтылган. Референдумга көзөмөл кылган көзкарандысыз байкоочулардын өкүлдөрү аткаруу бийлиги тарабынын камакка алынгандыгы белгиленип, элдик референдум олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугу маалымдалган. «Кыргызстан Бириккен улуттар жана ЕКК уюмуна мүчө экендигин эске алып, кыргыз бийлиги элдик референдумда кетирилген мыйзам бузууларды жергиликтүү жана эл аралык мыйзам чегинде териштирээрине ишенебиз»-деп жазылган Хельсинки эларалык адам укуктары боюнча федерациясынын президент Аскар Акаевге болгон кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG