Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

Чеченстандын Курчалой деген райборборунда орус аскерлери тазалоо операциясын жүргүзүп жатышат


ГРОЗНЫЙ. Чеченстандын чыгыш тарабында жайгашкан Курчалой деген райборбордо орусиялык аскер бөлүктөр чечен козголоңчуларын издөө операциясын жүргүзүп жатышат. Аскерлер козголоңчулар туугандарыныкында жашынып калышканын божомолдошот.Операциянын жүрүшүндө 20 чакты шектүү киши камакка алдынды. Өз кабарчыбыздын маалымдашынча, ишембиге караган түнү жүргүзүлгөн “тазалоо операциясынын” учурунда бир чечен козголоңчу курман болду. Аткылашууда ошондой эле үч орусиялык солдат жараат алды.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG