Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Ооганстанда куралчан топтун кол салуусунан беш ооган жоокер курман болуп, төрт жоокер жарат алды


КАБУЛ. Жума күнү кечинде белгисиз куралчан топтун кол салуусунан беш ооган солдат курман болуп, төртөө жарат алды. Афган Ислам Пресс кабар агенттигинин маалымдашынча, Пакистан менен чектеш Хелманд провинциясынын Чото деген жериндеги аскердик пост аткылоого дуушар болгон. Мурда ал чөлкөмдөрдө талиб аскерлеринин таяныч пункттары жана командир Гүлбаддин Хикматярдын аскердик базалары болгон. Бүгүн Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук конференциясында Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Ооганстанда Талибан кайрадан баш көтөрүшү мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG