Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

БУУнун курал инспекторлорунун башчысы Ирак жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн Багдатка келишти


Улуттар Уюмунун Эл Аралык Атомдук Агенттигинин башчысы Мохаммед ал-Барадейи учурда Ирактын куралдарын текшерип жаткан ипспекторлордун миссиясы маанилүү экенин, бирок бул - согушту болтурбоонун акыркы чарасы эмес экенин билдирди. МАГАТЭнин башчысы ал-Барадейи менен курал инспекторлорунун жетекчиси Ханс Бликс бүгүн Ирак жетекчилиги менен сүйлөшүү үчүн эки күнгө Багдадга келишкен. Ирактын тышкы иштер министрлигинде болгон сүйлөшүүдө ал-Барадейи Ирактын БУУ менен кызматташканга дагы башка мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди. Сүйлөшүү учурунда БУУнун өкүлдөрү эки маселени көтөрүшөт. Булар - текшерүү ишинде тыңчы учактарды колдонууга уруксат берүү жана Ирактын эксперттери менен көзмө-көз сүйлөшүүгө кеңири жол ачуу. Бейшемби күнү курал инспектоплору Ирактын адистери менен жолугушуп, көзмө-көз сүйлөшүүгө биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышты. Мындай сүйлөшүүлөр Ирактын биологиялык жана химиялык куралдары жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн зарыл.

XS
SM
MD
LG