Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Германиянын Мюнхен шаарында коопсуздук маселелерине арналган эл аралык конференция өтүп жатат


МҮНХЕН. Германиянын Мүнхен шаарында 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан эл аралык коопсуздук конференциясы өтүп жатат. АКШнын коргоо министри Доналдь Рамсфельд конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Иракты курасыздандыруунун эң кыска жана мыкты жолу катары ага каршы күч колдонушулу мүмкүн экенин көрсөтүү деп билдирди.
"Согуш - маселени чечүүнүн эң жеңил жолу эмес, бирок бул кол куушуруп карап отургандан артык"- деп билдирди министр. " Мен ачык эле айтайын, согушту эч ким каалабайт. Согуш эч качан талаш маселени чечүүнүн оңой-олтоң жолу болгон эмес. Бирок Ирак массалык кыргын салуучу куралдарды чыгарууга аракеттенип жатканда, кол куушуруп отура бериш - опурталдуу!" - деп билдирди Рамсфельд.
Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Иракка каршы согуш ачуу маселесинде Европада эч кандай жиктелүү жок экенин, европалыктар согушка каршы экенин билдирди. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Фишер согуш маселесин мен жеке өзүм чече албайм. "Мен элди жок себепке ишендирип, согуш ачканга көндүрө албайм",- деди Рамсфелддин сөзүнө жооп кайтарып.
Өткөн түнү Германиянын полициясы конференция учурунда нааразылык акциясын өткөрүүнү пландаштырып жаткан 23 шектүү кишини камакка алды.

XS
SM
MD
LG