Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

“Арнамыс” партиясы ээлеген жайын бошотту


Феликс Куловдун «Арнамыс» партиясы жекшемби күнү ээлеген жайын бошотууга мажбур болду. Партиянын штаб башчысы Эмил Алиев «Азаттыкка» билдиргендей, орун которуштуруу масалесиУлуттук кооопсуздук кызматынын, башка тартип коргоо органдарынын партиянын ишмердүүлүгүнө тоскоол кылуусунун күчөп баратканынан улам чыкты. Штаб башчысынын айтымында, «Арнамыстын» штабы толук көзөмөлгө алынып, келген адамдардын баары видеотасмага тартылып, тийешелүү органдарга чакыртылып, куугунтукталууда: «Биз мурдагы кеңсебизден чыгууга мажбур болдук. Биздин ишибизге тынымсыз тоскоолдуктар көрсөтүлүүдө, келген-кеткен кишилерге да кысым көрсөтүлүп жатат. Бул өзгөчө референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штаб референдум мыйзамсыз өттү деп жарыялагандан кийин күчөтүлө баштады», - дейт Эмил Алиев. Партиянын жаңы кеңсеси кайсы жерде жайгашаары азырынча белгисиз. «Арнамыстын» штабы кийинки айларда Бишкектин Москва көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын кесилишиндеги үйдө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG