Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Черногориялыктар өлкө президентин шайлоодон баш тартууда


Черногорияда президенттик кайра шайлоо өтүүдө. Шайлоонун биринчи айлампасында азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Филип Вуянович 84 процент добуш алган.
Бирок, добуш берүүгө шайлоочулардын 46 проценти гана катышкандыктан, шайлоо өтпөдү деп табылган. Оппозициялык партиялар декабрь айындагыдай эле шайлоого бойкот жарыялап, өз тарапкерлерин саясый өнөктүккө катышпоого чакырышкан.
Шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, черногориялыктар добуш берүүгө өтө пассивдүү катышууда. Түшкө чейин шайлоочулардын 21 проценти араң добуш берген.

XS
SM
MD
LG