Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Израилдик аскерлер палестиналык үч согушканды жок кылышты


Газа секторунда израилдик аскерлер палестиналык үч согушчанды атып өлтүрүштү.
Кабарчылардын Израилдик булактарга таянып маалымдашынча, палестиналык согушчандар түшкөн автомобиль жөөт можурларынын Гуш Катиф конушуна кеткен жолдогу аскерий бекетке токтобой, алардын бирөөсү жөөт күзөтчүлөрүнө каршы ок ачканда, атып өлтүрүлгөн.
Автомобиль жолду тоскон устунду сүзүп жарылып кеткен.
Жардыруудан төрт израилдик аскер жеңил жараат алган.
Соңку маалымат боюнча, 28 айдан бери жүрүп жаткан палестиналык-израилдик кагылышууларда 2933 адам набыт болгон. Алардын 2188и палестиналыктар жана 689у израилдиктер.

XS
SM
MD
LG