БИШКЕК. «Кыргызтелеком» акционердик коому өзүнүн GSM стандартындагы мобилдик телефон байланыш кызматын көрсөтүүчү ишканасын түзгөн жатат. Мындай маалыматты дүйшөмбүдө «АКИ-пресс» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссия ал ишканага аукцион өткөрбөй туруп эле 900 мегогерц диапозонундагы тилкени берет. Кыргыз өкмөтү «Кыргызтелекомдун» мамлекетке тиешелүү акциясын сапаттуу менчиктештирүү жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн ушундай кадамга барууда.