Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

«Акыл-эс, рух жана ыйман» коому Ирак маселесине байланыштуу кайрылуу кабыл алды


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Акыл-эс, рух жана ыйман» коому Ирак мамлекетинин айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 10-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкатчысына, АКШ президентине, кыргыз мамлекет башчысына жана Кыргызстан калкына кайрылуу менен чыкты. Анда Иракка каршы жүргүзүлүп жаткан согуштук даярдыктарга терең тынчсыздануусу, бул маселени тынчтык жол менен чечүү зарылдыгы, Перс булуңуна көп аскерлердин чогулушуна жол бербөө чакырыгы айтылган. Кайрылуу ээлери «Иракта согуш башталса, ал үчүнчү дүйнөлүк согушка жол ачышы мүмкүн» деген кооптонуусун да билдиришкен.

XS
SM
MD
LG