Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Кыргызстандын укук коргоо уюмдары жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстан укук коргоо кыймылынын ишине байланыштуу билдирүү таратышты


БИШКЕК. 10-февралда Кыргызстандагы Бейөкмөт уюмдар коалициясы баш болгон бир катар коомдук уюмдар, Адам укуктары боюнча кыргыз комитети жана Адам укуктары боюнча Хельсинки Федерациясынын Бишкек тобу Кыргызстан укук коргоо кыймылынын учурдагы абалына байланыштуу билдирүү таратышты. Анда алар аталган кыймылдын айланасында жүрүп жаткан окуяларга өлкөнүн укук коргоо уюмдары кайдыгер калбасын белгилешти. Билдирүү ээлери ошондой эле «Укук коргоо кыймылындагы жана анын башкармалыгындагы ажырымды бийлик жакшы колдонуп, кыймыл менен анын жетекчисин биротоло жок кылуу аракетин көрүп жатат» деп шек санашаарын жарыя кылышты. Мындан тышкары, билдирүүгө кол койгондор аталган кыймылдын жетекчилиги жакын арада өз жыйынынын өткөрүп, ички маселесин уставга ылайык чечээрине ишенээрин жана кыймыл жетекчиси Турсунбек Акунду колдошоорун жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG