Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

Болот Жанузаков: «Арнамыс» партиясынын кеңсесинин жабылышына бийликтин тиешеси жок


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү президенттик админстрациянын коопсуздук жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков: ««Арнамыс» партиясы буга чейин ээлеп келген кеңседен чыгарылышына бийликтин эч кандай тиешеси жок», - деп билдирди. Анын айтымында, «Арнамыс» партиясынын өз уставы, программасы бар жана ал ошого жараша иш жүргүзөт. «Эгерде партия турган жерин өзгөртсө, анда ал партиянын өз иши», - деди Б.Жанузаков. Оппозициялык маанайдагы «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев жекшембидеги билдирүүсүндө, «партия бийликтин ар кандай кысымына байланыштуу мурда ээлен келген өз кеңсесинен 9-февралда чыгып кетүүгө мажбур болду» деген маанидеги билдирүү тараткан эле.

XS
SM
MD
LG