Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Бишкекте Курман айтка арналган конференция болду


БИШКЕК. 10-февралда Бишкекте «Улуу ажылыкка жол» аттуу республикалык конференция болду. Ал Курман айт майрамына багышталып, Кыргызстандагы аялдардын «Мутакалим» аттуу прогрессивдүү коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду жана ислам дининдеги ажылыкка баруу милдети, адамдан бул дин талап кылган бийик, таза милдеттер жана аларды аткаруунун шарттары тууралуу калкка маалымат берүү максатын көздөдү. Конференцияга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргыз мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчилери жана бир катар жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Аялдардын «Мутакалим» аттуу прогрессивдүү коомдук бирикмеси ислам дининин баалуулуктарына негизделген ыймандуу жашоо образын аялдар арасында жайылтуу максаты менен 1999-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG