Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Франциянын Ирак кризисин жөндөө сунушу колдоо табууда


Россия Ирактагы эл аралык аскерий инспекторлордун санын көбөйтүү жөнүндөгү Франциянын сунушун жактоого даяр деп билдирди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов.
Бирок, Федотовдун сөзүнчө, мындай чечим оболу Улуттар уюмунун курал жарак инпекциясынын башчысы Ханс Бликс менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин мүдүрү Мохаммед ал-Барадейи тарабынан жасалышы абзел.
Германия өкмөтү да Франциянын сунушун колдогону менен, Ирак чатагын жөндөө боюнча франциялык-германиялык ырасмий план жок деп билдирген.
Франциянын тышкы иштер министри бүгүн жасаган билдирүүгө караганда, БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алганда, Иракты куралсыздандыруу жөнүндөгү франциялык-германиялык сунушту эске алуусунун зарылдыгы жок. Себеби, сунуш Коопсуздук кеңеши былтыр ноябрда кабыл алган резолюцияда камтылган.

XS
SM
MD
LG