Кыргыз республикасынын эл артисти, Бишкек шаардык драма театрынын көркөм жетекчиси Асанбек Умуралиев 1933-жылы 7-декабрда Ысыккөл областынын Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1957-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык институтту бүтүрүп, ошол эле жылы кыргыз улуттук драма театрында чыгармачылык жолун баштаган. Кайталангыс таланттын ээси Асанбек Умуралиев өзүнүн 46 жылдык чыгармачылык өнөрүндө жүздөн ашуун ролдорду ойногон. Кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүүсүнө да салымын кошуп, 20дан ашуун кинотасмаларга тартылган. Өткөн айда ал 3 –даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар –Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева
Редактор – Жыргалбек Касаболото.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар –Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева
Редактор – Жыргалбек Касаболото.