Областтын борборундагы 4 мечитте өткөн Курман айт намазына түрдүү улуттагы 7 миңден ашык мусулмандар катышты. Алар жер жүзүндө тынчтык болуусун, мусулмандардын эркин өнүгүп-өсүүсүн жана ажыга кеткендердин аман кайтуусун Кудайдан тилешти. Көзү өткөн туугандардын арбагына куран окушту. Мындай ырым-жырым, диний салттар областтагы 377 мечиттин бардында жана көзү өткөн мусулмандардын бейит башында, ошондой эле үйлөрүндө аткарылды.