Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

Кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча арызды Конституциялык сот кийинки жумада карайт


Кыргыз-кытай чек ара макулдашуусуна байланыштуу талаш маселени Кыргызстандын Конституциялык соту кийинки жуманын башынан тарта карай баштайт. Бул тууралуу шейшембиде Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков билдирди. 1996 жана 1999-жылкы кыргыз-кытай чек ара макулдашууларын ратификациялоодо Кыргызстандын Конституциясынын бир нече беренелери бузулган деп, ратификациялоону жокко чыгаруу арызы менен Конституциялык сотко Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты өткөн жылдын май айында кайрылган эле. Арызды кароону сот алгач 2003-жылдын 27-январына белгилеп, бирок доогерлердин атынан сотко катышуучу Ишенбай Кадырбековдун ооруп калгандыгына байланыштуу ишти кароону кийинки мөөнөткө жылдырган.

XS
SM
MD
LG