Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Кыргыз президенти Алматыдагы эл аралык конференцияга барат


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев баштаган делегация 12-февралда Казакстандын Алматы шаарына, «Тынчтык жана ынтымакташтык» аттуу эл аралык конференцияга катышуу үчүн барат. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, конференцияга Өзбекстандын, Таджикстандын, Түркиянын жана Афганистандын мамлекет башчылары катышып, региондо жана дүйнөдө тынчтык менен ынтымакты сактоо проблемаларын талкуулашат. Жыйынтыгында бирдиктүү хартия кабыл алынат. Эл аралык конференция маалында президент Аскар Акаев Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жекеме-жеке жолугушууларды өткөрөт. Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Билим берүү, маданият министри Ишенгүл Болжурова бар.

XS
SM
MD
LG