Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

2002-жылдагы менчиктештирүүнүн жыйынтыгы чыгарылды


2002-жылы Кыргызстанда 102 объект менчиктештирилип, 33 чарбалык шериктештиктин жана коомчулуктун мамлекетке тиешелүү акциялары сатылган. Сатыкка коюлган обьектилердин жалпы баасы 550 млн сом болгон. Бирок, былтыркы менчиктештирүүдөн бюджетке 104 млн 300миң сом гана түшкөн. Бул тууралуу шаршембиде Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин коллегиясында айтылды. Бюджетке каражаттын аз түшүшүнүн себеби кардарлардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгүнө жана менчиктештирүү эрежесине ылайык кардардын акчасы кеч түшүшүнө байланыштуу. Коллегияда «Кыргызэнергону» реструктризациялоо аяктаганы, «Кыргызтелекомду» сатуу жана «Кыргызгазды» кайрадан түзүү жана менчиктештирүү боюнча даярдыктар көрүлүп жатканы белгиленди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин коллегиясына вице премьер министр Жоомарт Оторбаев катышты.

XS
SM
MD
LG