Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти жаңы мөөнөткө шайланды


12-февралда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйыны өттү. Премьер- министр Николай Танаев төрагалык кылган сессиянын ишине президент Аскар Акаев катышып сөз сүйлөдү. Ал Улуттук илимдер Академиясынын акыркы мезгилде жасаган иштеринин ичинен үч окуяны - ушул жылы ачылган «Виртуалдык жибек жолу» интернет байланышын, эларалык тоо саммитин өткөрүүнүн алдындагы иликтөөлөрдү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата илимий изилдөөлөрдүн комплекстүү планын жетишкендик катары баалады. Акаевдин сунушу менен Академия президенттигине Жаныбек Жээнбаев кайрадан беш жылдык мөөнөткө шайланды. Жыйында Академиянын уставынын 48-параграфына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык Академиянын президиумуна мүчөлүккө мүчө-корреспонденттер да шайлана турган болду.

XS
SM
MD
LG