Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Эл аралык уюмдар Кыргызстандын социалдык тармагына грант берет

АКШнын ЮСАИД агенттиги, «Каунтерпарт» уюму, «Сорос-Кыргызстан» фонду жана «Здравплюс Асоусиэйтс» долбоору февраль айынан тарта Кыргызстанда «Саламаттыгы чың жамааттар» аттуу программаны ишке киргизди. Мөөнөтү үч жылга созулчу бул программа калк арасында дене-боюна тың карап, ага аң-сезимдүү мамиле кылууга багытталган. Эларалык фонддор ушундай иштерди аткарууга ниеттенген демилгелүү топторго, бирикме тибиндеги уюмдарга жана бейөкмөттүк уюмдарга грант бөлөт. Аталган эл аралык уюм өкүлдөрүнүн 12-февралда берген маалыматтарына караганда, быйыл бериле турган гранттын жалпы көлөмү 160 миң доллар. Анын 50 миңин Сорос-Кыргызстан фонду, 110 миңин АКШнын ЮСАИД агенттиги каржылайт.
XS
SM
MD
LG