1997-жылы киши колдуу каза тапкан Юсуп Көлбаевдин кызы Жамила Көлбаева Улуу Британиядан саясий башпаанек алды. Бул тууралуу 12-февралда Юсуп Көлбаевдин жесири Чынара Көлбаева билдирди. Анын маалыматына караганда, Улуу Британиянын расмий өкүлү Жамила Көлбаевага саясий башпаанек, жакын арада ага жарандык берилээрин кабарлаган. Жамила Көлбаева Улуу Британияга өткөн жылдын жайында кеткен, декабрь айында ал жерден башпаанек сурап кайрылган.