Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

«Улуттук демократиялык фонду» түзүлөт


Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы саясатчылар «Улуттук демократиялык фондун» түзүү тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу 12-февралда «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, фондду түзүүнүн максаты Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык институттардын бекемделишине салым кошуу . «2-февралдагы референдум Кыргызстандагы бул институттардын алсыз экендигин көрсөттү, ал эми саясий партиялардын өнүгүүсүнө Конституциянын жаңы редакциясы бөгөт койду, - дейт Текебаев.- Максат - бул тескери жараяндардын өнүгүүсүнө жол бербөө». «Улуттук демократиялык фондун» түзүү демилгесин Өмүрбек Текебаев, Эмил Алиев жана Төлөйкан Исмаилова көтөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG