Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисинин референдум тууралуу пикирине макул эмес


12-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда АКШнын Улуттук демократиялык институтунун жана кошмо штаттардын ЕККУдагы өкүлү Дуглас Дэвидсондун 2-февралда өткөрүлгөн референдум тууралуу сын пикирлерине расмий Бишкектин макул эместиги айтылган. «Конституциянын жаңы редакциясын талкууга аз убакыт бөлүнүп, референдум чукул өткөрүлдү» деген АКШ өкүлүнүн билдирүүсү өкүнүчтү жаратат, анткени Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси бизде жарым жыл бою талкууланып, анда иштелип чыккан жоболор Конституциянын жаңы редакциясынын негизин түздү»- деп айтылат билдирүүдө. «2-февралдагы добуш берүү учурунда айрым мыйзам бузуулар орун алганы менен, ал жалпы референдумдун жыйынтыгына таасир көрсөтө албайт. Оппозициялык топтор, көз карандысыз байкоочулар тарабынан мыйзам бузууларды так көрсөткөн арыздар Борборшайлоокомго, прокуратурага берилген эмес . Кыргызстан кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Венеция комиссиясына түшүндүрмө берүүгө даяр жана чет мамлекеттердеги өнөктөштөрүнөн Конституциялык реформага объективдүү мамиле жасашын күтөт»,- деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG