Кеминде 17 киши АКШ баштаган күчтөрдүн чабуулунун курмандыгы болуп калганын бүгүн Хелманд провинциялык өкмөтүнүн маалымат катчысы Ажы Мухаммад Вали кабарлады.
АКШнын армиясы кечээ ушул эле аймактагы Урузган провинциясындагы өрөөндү бомбалап, 12 куралчанды колго түшүргөнүн маалымдаган эле. Армиянын маалымат катчысы полковник Рожер Киң буларды кошумчалады:
"Шейшемби күнү АКШ күчтөрү Багран өрөөнүндөгү Лежай айлынын жака-белинде кол салууга даярдыкта турган 25 куралчанды байкап калышты. Колдорунда ракета менен атуучу гранаталар жана Калашников мылтыктары бар экен".