БИШКЕК. «Референдумдан кийин Кыргызстанда «Арнамыс» партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн эркин жашоосуна мүмкүн болбой калды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери партия мүчөлөрүн ар кандай жолдор менен коркутуп-үркүтүүдө. Аргасыздан биз партиянын кеңсесин жаап, мындан ары жашыруун иштөө тууралуу чечим кабыл алдык» деп маалымдады аталган партиянын штаб жетекчиси Эмил Алиев бейшемби күнү «Азаттыктын» кабарчысына. Анын айтымына караганда, аткаруу бийлик өкүлдөрү партия мүчөлөрүнүн үстүнөн жалган фактылар менен кылмыш ишин ачып, партиянын референдум тууралуу так маалыматты коомчулукка таратпашын талап кылышууда. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, аталган партия мүчөлөрүнө карата эч кандай кысым болгон жок. Болгону Референдумга көзөмөл кылуучу коомдук штабдын жана аталган партиянын айрым мүчөлөрү «адам уурдалды» деген арыздын негизинде ачылган кылмыш иши боюнча суракка алынууда.