Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу бонча арызды Конституциялык Сот 18-февралда карай баштайт


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциялык Соту 18-февралда кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча маселени карай баштайт. Бул тууралуу бейшемби күнү Конституциялык Соттун судьясы Павел Дрыжак маалымдады. Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутаты «өткөн жылдын май айында 1996 жана 1999-жылкы кыргыз-кытай чек ара макулдашууларын ратификациялоодо Кыргызстандын Конституциясынын бир катар беренелери бузулган» деп, ратификациялоону жокко чыгаруу арызы менен Конституциялык Сотко кайрылган. Буга чейинки белгиленген сот жараяндары доогерлердин сот процессине келбей калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG