Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:04

Ысыккөл облусунун бир катар айылдарына кар калың жаагандыктан жолдор бүтөлүп, байланыш үзүлдү


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Түп районундагы Сарытологой, Санташ, Кеңсуу айылдарына кар калың жаап, жолдор бүтөлүп, байланыш үзүлдү. Аталган айыл өкмөттөрүнөн алынган маалыматка караганда, Сарытологой, Кеңсуу айылдарына түшкөн калың кардан жолдор бүтөлүп, бул автоунаалардын каттамына кыйынчылык жаратууда. Маселен, акыркы жумада жааган кардын калыңдыгы 1,5–2 метрге чейин жетип, элет калкынын ансыз да көп түйшүгүнө түйшүк кошту. Айрыкча Сарытологой айылынын тургундары аба ырайынын мындай шартында ичкенге жарактуу таза суунун азабын көп тартышат. Ошондой эле Каракол шаары менен ушул райондун борбору болгон Түп айылынын ортосундагы байланыш үзүлүп, автоунаа жумалап каттабай калды.

XS
SM
MD
LG