Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кыргызстанга Орусиянын өкмөттүк делегациясы келет


БИШКЕК. 14-февралда Кыргызстанга Орусиянын өкмөттүк делегациясы келет. Делегациянын курамында Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министринин биринчи орун басары Ю. Люблин, Пенсиялык фонд төрагасынын биринчи орун басары А. Куртин, Пенсиялык жана социалдык фонддор ассоциациясынын директору Е. Аметов жана башкалар бар. Иш сапарынын учурунда Кыргызстандын Социалдык фонду менен Орусиянын Пенсиялык фондунун ортосунда, Бишкек шаары менен Москва шаарынын жана Москва облусунун пенсиялык фондунун ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга, Орусиянын Социалдык фонду менен Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда протоколго кол коюлушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG