Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга берчү өз жардамынын стратегиясын иштеп чыкты


БИШКЕК. Дүйнөлүк Банк Кыргызстандагы сегиз тармакка, атап айтканда, мамлекеттик башкарууну бекемдөө, жеке секторду, айыл чарбасын, банк системасын өнүктүрүү, энергетика, өнөр жай, соода, инвестиция жана билим берүү менен саламаттык сактоо тармактарына колдоо көрсөтүү үчүн жардам берүү стратегиясынынын долбоорун иштеп чыкты. Мындай маалымат 13-февралда банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоорлор боюнча кызматкери Динара Жолдошевадан алынды. Анын маалыматына караганда, стратегиянын долбоору кыргыз өкмөтү, бейөкмөт уюмдар жана кредит берүүгө тийиштиги бар эл аралык уюмдар тарабынан талкууланды. Эми акыркы чечимди Дүйнөлүк Банктын директорлор кеңеши ушул жылдын май айында боло турган жыйынынында кабыл алышы керек. Динара Жолдошеванын айтымында, эгер стратегияны жакшы сценарий менен ишке ашыруу чечими кабылданса, анда ага кеминде 171 миллион доллар бөлүнөт. Жакшы сценарий менен ишке ашырууга болсо мурунку долбоорлордун ишке ашыруу сапаты негиз берет. Азыр Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча мурунку долбоордун жарым жылдан бери кечеңдетилиши Дүйнөлүк Банкты күмөнсүтүп турат.

XS
SM
MD
LG