Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Европарламент Кыргызстандагы адам укугунун абалын карады


БИШКЕК. Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын ушул жылдын апрель айына чейин иликтейт. Мындай чечимди Европарламент 12-февралда Страсбург шаарында өткөн жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана 2-февралдагы референдумдун өтүшү тууралуу маалыматты уккандан кийин кабыл алды. Мындай Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев Венада шаарынан билдирди. Расмий бийликтин өкүлдөрү референдумда анча-мынча тартип бузуулар байкалган менен ал мыйзам чегинде өткөндүгүн билдиришсе, оппозициянын өкүлдөрү адам укуктарынын одоно бузулуп жатканын билдиришти. Европарламенттин айрым өкүлдөрү Кыргызстандагы мындай көрүнүштөргө тынчсыздангандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG