Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Быйыл Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайы өткөрүлөт


БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата үстүбүздөгү жылдын 29-30-августунда Бишкек шаарында Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайы өткөрүлөт. Мамлекет башчысынын мындай жардыгы менен жума күнү президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев тааныштырды. Ошондой эле президенттин жардыгы менен курултайды өткөрүү боюнча мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун жетекчилигинде курамы 20 адамдан турган уюштуруу комитети түзүлдү. Кыргыздардын дүйнөлүк биринчи курултайы 1992-жылдын 29-30-августунда Бишкекте өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG