Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Кумтөр алтын кенин «Камеко» корпорациясынын менчигине берүү жөнүндө маалымат тарады


БИШКЕК. Жакын арада Кумтөр алтын кени канадалык «Камеко» корпорациясынын толук менчигине өткөрүлөт. Жума күнү жергиликтүү «АКИ-пресс» маалымат агенттиги ушундай кабар таратты. Анын маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү менен «Камеко» корпорациясынын өкүлдөрү өз ара сүйлөшүү жүргүзгөн соң ушундай макулдашууга жетишишкен. «АКИ-пресстин» билдирүүсүнө ылайык, жаңы келишим боюнча Кумтөр алтын кенинин акциялары «Камеко» тарапка өткөрүлүп берилет.
Бирок мындай маалыматты ырастоодон же төгүндөөдөн Кыргызстандын Финансы министрлигинин өкүлдөрү азырынча баш тартышты. Мындан бир нече күн мурда Кыргызстандын финансы министри Болот Абилдаев азырынча Кумтөр кени туурасында кандайдыр-бир чечим чыга электигин, андай чечим чет элдик эксперттердин көмөгү менен кабыл алынаарын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG