БИШКЕК. Ири айыл чарба субъектилери айыл чарба товарларын сатууга кошумча нарк салыгынын киргизилишине каршы. Анткени, бул салык ири чарбалардын жардыланышын шарттайт. Ири дыйкан чарба башчыларынын тобу 14-февралда «Кабар» маалымат агенттигинде ушундай билдирүүнү жасашты. Буга парламент 8-февралда кабыл алган «Салык кодексине өзгөртүүлөр жана кошумчалар жөнүндөгү» мыйзам негиз берди. Аталган мыйзамга ылайык товар жүгүртүүсү 300 миң сомдон ашкан 156 чарба кошумча нарк салыгын төлөшү керек. Адистердин айтымында бул кошумча нарк салыгынан бюджетке 250 млн. сом түшөт. Билдирүү ээлери, тескерисинче, мыйзамдагы бул өзгөртүү жарандардын конституциялык укуктарына шек келтирет деп эсептешет. Анткени, алардын ою боюнча, Кыргызстандын аймагындагы 778 чарбанын 156сы кайсы критерийлерге ылайыкталып тандалганы белгисиз. Бардык салыктарды орду менен төлөп, социалдык тармакка колдоо көрсөтүп жаткан ири чарбалар жабыркап, иштебеген же кирешелерин жашырган чарбалар кирешесиз тармак катары көмүскөдө калууда.
Сокулук районундагы «Рассвет» дыйкан чарбасынын башчысы Екатерина Быцконун билдиргенине караганда, чарба башчылары өкмөткө кирешени нарк салыгы аркылуу эмес, жерге салыкты 100% көбөйтүү аркылуу табууну сунушташууда.
Сокулук районундагы «Рассвет» дыйкан чарбасынын башчысы Екатерина Быцконун билдиргенине караганда, чарба башчылары өкмөткө кирешени нарк салыгы аркылуу эмес, жерге салыкты 100% көбөйтүү аркылуу табууну сунушташууда.