Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Арменияда төрөлгөн сүрөтчүнүн эмгеги дүйнөлүк сыйлыкка татыды


Дүйнөлүк Пресс Фото уюму "2002-жылкы эң мыкты сүрөт" наамын теги Армениялык фотографтын чыгармасына ыйгарды. Арменияда төрөлгөн Эрик Григоряндын бул сүрөтүндө Иранда былтыр жайда болгон жер титирөөдөн каза тапкан атасын кыса кучактап, шымына асылган өспүрүм бала, аларды тегерете курчаган айылдаштары тартылып алынган. Июнь айында Иранда болгон табигый кырсыктан Газвин провинциясында 500гө жакын адам набыт болушкан. Фотографтардын дүйнөлүк конкурсуна 3900 сүрөтчү 54 миңдей эмгегин сунуш кылышкан. Эрик Григорян утуп алган 10 миң евролук сыйлык сүрөткерге апрель айында Амстердамда тапшырылат.

Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG