Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Орусияда чет элдик мигранттар үчүн атайын карточкалар киргизилди


Мындан ары чет элдик мигранттар Орусиянын чек арасынан өтөөр алдында, тийиштүү кагаздарды толтуруп, ушундай карточка алышат. Орусиянын ички иштер министри Борис Грызлов билдиргендей, иммиграцияны көзөмөлдөө максатында киргизилген карточканын расмий бетачары орус-украин чек арасында өтөт. Кремлдин эсебинде, Орусияда азыркы тапта 3 жарым миллиондой мыйзамсыз мигранттар жашаса, алардын басымдуу бөлүгү - акча таап, жан багууну көздөгөн мурдагы советтик жумурияттардын жарандары.

XS
SM
MD
LG