Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Лондондогу аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Лондондогу аэропорттордо ыктымал теракттарды алдын-алуу максатында полициячылар менен куралчан аскерлер дыкаттык менен көзөмөл жүргүзүүдө. Бүгүн эртең менен Хитроу аэропортунда дагы бир шектүү жүк кармалганы, иликтөө жүрүп жатканы кабарланууда. Британиянын полициясы кечээ Венесуэлалык жүргүнчүнүн жүгүнөн граната табылгандан бери дагы 4 кишини террорчул аракеттерге аралаштыгы бар деген шек алдында камакка алды. Венесуэладан Лондонго учуп келген адамдын жүгүнөн граната чыкканда, британ полициясы Хитроу аэропортундагы терминалды жаап, жүздөгөн жүргүнчүлөрдү аэропорттон шашылыш чыгарып кетүүгө аргасыз болгон. Андан көп өтпөй, аталган аэропортка туташ жайгашкан Лэнгли шаарчасында 4 киши террорчул уюмдарга тиешеси бар деген шек боюнча кармалган.

XS
SM
MD
LG