Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Саддам Иракта массалык кыргын салчу куралдарга тыюу салды


Ирак президенти Саддам Хусейн өлкөдө өзөктүк, биологиялык жана химиялык куралдарды өндүрүү, о.э. импорттоого тыюу салган жардыкка кол койду. Ага удаа Ирак парламенти чукул сессиясын өткөрүп, Ирактык адис-окумуштуулар менен мекеме-уюмдардын массалык кыргын салчу куралдарга байланыштуу ишмердик-аракеттерине тыюу салган мыйзамды талкуулап жатат. Бул тууралуу Дубайлык телеканалга Ирактын Улуттук көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси, генерал Хуссам Мохаммад Амин билдирген. Парламент сессиясы Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирактын куралсыздануу жараяны талкууланар алдында чукул чогулду. Улуттар уюму Багдаддан көптөн бери ушундай мыйзам кабыл алууну талап кылып келаткан.

XS
SM
MD
LG