НАРЫН. 15-январда Атбашы райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча, АКШнын Тынчтык корпусу Акмоюн айылындагы орто мектепке грант катары 104 миң сом бөлүп берген. Бул каражат турмушу начар үй-бүлөлөрдө тарбияланып жатышкан 200 окуучуга күнүнө бир маал ысык тамак берип турууга жана мектептин спорт аянтчасын оңдоого жумшалган. Ысык тамак менен камсыз болушкан балдардын 63ү - жетимдер. Тынчтык корпусунун көмөгү менен быйыл Нарын облусундагы мектептерде ыктыярдуу 13 адис элди англис тилин үйрөтүүгө киришти.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов