ОШ. Ошто Ооган согушунун катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул окуяга арналган жыйынды Түштүк аскер топторунун командачысы генерал-майор Мырзаалы Бөрүбаев ачты. Андан кийин Орусиянын Оштогу башкы консулу Юрий Иванов Орусиянын президентинин тапшыруусу боюнча, СССР убагында ээлерине берилбей калган медалдарды - Ооганстанда аскердик милдет өтөө учурунда айрымаланган 23 адамга Орусиянын «За отвагу» («Эрдиги үчүн») медалын берди. Алардын ичинен экөөнө бул медалдар өлгөндөн кийин ыйгарылган. «Ооганчылардын» Ош шаардык комитетинин төрагасы Исак Айтматов курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө Ооганстандагы согуш тууралуу китепти белек катары таркатты. Андан кийин жыйындын катышуучулары Токтогул паркындагы көзү өткөн «ооганчыларга» багышталган эстелик ташка гүл коюшту.