Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Ооган согушунун катышуучуларына сый көрсөтүлдү


БИШКЕК. 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгып кеткенине 14 жыл толду. Буга байланыштуу ишембиде Бишкектеги Ататүрк гүлбагында Ооганстанда набыт болгондорду эскерүү митинги өттү. Ал эми жума күнү Коргоо министрлигинде жана Улуттук гвардияда жыйындар болуп, анда «ооганчы» жоокерлерди коргоо министри Эсен Топоев менен Улуттук гвардиянын башкы командачысы Абдыгул Чотбаев куттукташты. Ушул эле күнү Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин элчиликте Ооган согушуна катышкан жарандарды кабыл алды. Жолугушуу учурунда ал Ооган согушунда жасаган эрдиктери үчүн он жоокерге, набыт болгон эки жоокердин үй-бүлөсүнө аскердик медалдарды тапшырды. Элчиликтин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, аскердик наамдарды ыйгаруу тууралуу жардыктар сексенинчи жылдардын ичинде чыгып, бирок жоокерлердин дареги быйыл гана такталган. Ооган согушуна Кыргызстандан 7150 жоокер катышып, алардын 259у набыт болушкан, төртөө дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG