Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Жогорку Кеңеш мугалимдердин социалдык жеңилдиктерин талкуулоодо


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун талкуулоону ушул дүйшөмбүдө улантат. Долбоорду 7-февралдагы отурумунда палата толугу менен кабыл албай койгондуктан, 14-февралда депутаттар анын беренелерин бирден талкуулап киришкен. Парламентарийлер арасында мугалимдерди социалдык жактан камсыздоо маселелери талаш-тартыш жаратууда. Жаңы долбоордо эмгек стажысы 25 жыл болгон мугалимди курагына карабай пенсияга чыгаруу, менчик автоунаадан башка жергиликтүү бардык транспортко акы төлөөдөн бошотуу, тоолуу аймактарда аялдарды 55, эркектерди 60 жаштан пенсияга чыгарууну кайра калыбына келтирүү өңдүү маселелер кызуу талкуу жаратып жатат. Эгер мыйзам кабыл алынса ал 1992-жылы кабыл алынып, 1997-жылы оңдолуп, азыр иштеп жаткан «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамды толугу менен алмаштырат. Мыйзамды депутаттар тобу, ошондой эле Билим берүү жана маданият министрлиги иштеп чыгып, сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG