Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Бишкекте Иракка каршы согушту болтурбоо максатында пикет өткөрүлөт


БИШКЕК. Ирак менен башталышы мүмкүн болгон согушка каршы келерки аптанын шейшембисинде Бишкекте митинг өткөрүлөт. Мындай нааразылык акциясын «Кыргызстандын укук коргоо кыймылы», бир катар бейөкмөт жана диний уюмдардын өкүлдөрү уюштурушат. Митингди уюштуруучулардын бири, укук коргоочу Турсунбек Акундун маалыматына караганда, акциянын катышуучулары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимисиз Иракка каршы согушту болтурбоо тууралуу билдирүүсүн колдойт.

XS
SM
MD
LG