Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

АКШ Нью-Йоркто БУУда иштеген Ирактык журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин жарыялады


Ирактын расмий Жаңылыктар агенттигинин кызматкери Мохаммед Хассан Аллави жубайы жана беш баласы менен 15 күн ичинде АКШдан кетүүгө көрсөтмө алды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Линн Касселдин айтымында, Ирактык журналист өзүнүн кесиптик чөйрөсүнөн сырткары иштерге аралашып кеткен, о.э. анын ишмердиги Американын улуттук коопсуздугуна зыян келтире баштаган. Багдаддык журналистке карата Вашингтондун чечимин Ирактын тышкы иштер министрлиги айыптады. О.э. Ассошиэйтед пресс агенттиги Ирак бийликтери Багдадда иштеп жүргөн АКШлык "Фокс Ньюс" телеканалынын чыгармачыл тобун өлкөдөн чыгып кетүүгө буйруганын кабарлады. "Фокс ньюстун" жетекчилиги Багдад бул кадамына эч кандай түшүндүрмө бербегенин айтат.

XS
SM
MD
LG