Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Иран БУУнун Адам укуктары комитети менен кызматташат


Өлкөнүн тышкы иштер министри Камал Харрази билдиргендей,Тегеран БУУнун Адам укуктары комитетинин Иран өкмөтү менен иштешүү планын кабыл алды. Комитеттин эксперттери алдыдагы эки аптанын ичинде Ирандын тышкы иштер жана ички иштер министрликтеринин, сот тармагынын өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле бир катар шаарлардагы түрмөлөрдү кыдырышат.БУУнун 2002-жылкы отчетунда Иранда адам укуктары бузулганынын бир себеби өлкөнүн эскичил сот системасына байланыштуу экени айтылган . Европа Биримдиги да Иранга эки тараптуу экономикалык жана соода келишими түзүлгөнгө чейин адам укуктары жаатындагы кырдаалды жакшыртуу зарылдыгын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG